Ошто 400дөй спортчунун катышуусунда эл аралык турнир өтүүдө

Турнирге Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Өзбекстандын спортчулары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош шаарында дзюдо боюнча эл аралык "Сулайман-Тоо" кубогу мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Турнирди шаардык Дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Өзбекстандын 400дөн ашык спортчусу катышууда.
1 / 5

Ош шаарында дзюдо боюнча эл аралык "Сулайман-Тоо" кубогу мелдеши өтүп жатат

2 / 5

Турнирди шаардык Дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө

3 / 5

Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Өзбекстандын 400дөн ашык спортчусу катышууда

4 / 5

Мелдеш өспүрүмдөр арасында — 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар ортосунда өткөрүлүп жатат

5 / 5

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы

Мелдеш өспүрүмдөр арасында — 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар ортосунда өткөрүлүп жатат. Анда кыздар менен уландарга бир нече салмак категориясы белгиленген.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.
Жагымдуу кабар! Кыргызстандык эки балбан Азия оюндарынан коло медаль утту