Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым тилкеси макулдашылды

Тараптар калган тилкелерди тактоо боюнча иштерди кийинки жолугушууда улантышат, кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 3-октябрдан 8-октябрга чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жана чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча жумушчу топтору жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдалды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган. Өкмөттөн белгилешкендей, бир жума ичинде кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым тилкеси макулдашылды.
"Тараптар калган тилкелерди тактоо боюнча иштерди кийинки жолугушууда улантышат, кезектеги жолугушуу Тажикстан Республикасынын аймагында болот. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Кыргызстандын жерлери Тажикстанга өттү деген маалыматты четке какты