Израиль "40 Алеф" пунктун киргизип, расмий түрдө согуш жарыялады

Акыркы жолу Израиль "40 Алеф" пунктун 50 жыл мурун, "Акырет күндүн согушу" учурунда кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Израилдин аскердик-саясий кабинети негизги мыйзамдын "40 Алеф" пунктун киргизүүгө добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аталган пункт расмий түрдө согуш жарыялоону билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, акыркы жолу Израиль "40 Алеф" пунктун 1973-жылы "Акырет күндүн согушу" учурунда колдонгон.
Ишемби күнү эртең менен Израиль Газа секторунан буга чейин болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы 3 миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирди.
Палестинанын ХАМАС кыймылынын аскердик канаты ишемби күнү Израилге каршы "Потоп Аль-Аксы" деп аталган операция жүргүзүп жатканын жар салган. Израиль армиясы Газа секторунда ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямиин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
"Аль-Кассам" (ХАМАСтын аскер канаты) бригадалары израилдик жоокерлер менен офицерлерди туткунга алганын айтууда.
Израиль армиясы Ливанга сокку урганын жар салды. Жеринен видео