БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Израиль аскерлери өз позицияларынын аткыланышына жооп иретинде Ливандын бир районуна сокку урганын билдирди.
"Артиллерия Израилге ок атылган Ливандын районуна сокку уруп жатат", — деди аскер ведомствосунун маалымат кызматы.
Билдирүүдө армия "мындай жагдайга" алдын ала даярданганы айтылат. Ливандын al-Mayadeen телеканалы соккуга өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Кфар-Шуба кыштагы кабылганын кабарлады.
Израиль армиясынын аткыланышынын жоопкерчилигин Ливандын “Хезболлах” кыймылы алды.
Ишемби күнү эртең менен Израиль Газа секторунан буга чейин болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы 3 миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирди.
Палестинанын ХАМАС кыймылынын аскердик канаты ишемби күнү Израилге каршы "Потоп Аль-Аксы" деп аталган операция жүргүзүп жатканын жар салган. Израиль армиясы Газа секторунда ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямиин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
"Аль-Кассам" (ХАМАСтын аскер канаты) бригадалары израилдик жоокерлер менен офицерлерди туткунга алганын айтууда.