Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Байденди Киевге жардам берүүгө каршы америкалыктардын көптүгү таңдантты

Шаршембиде АКШнын Украинага жардам берүүсү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланып, өткөн жылга караганда буга каршы адамдардын саны бир кыйла көбөйгөндүгү белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байденди Киевге жардам берүүгө каршы болгон америкалыктардын көптүгү таң калтырууда. Бул тууралуу Пентагондун мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор Stephen Gardner YouTube каналынын эфиринде айткан.
"Ак үйдүн администрациясы Киевге курал жеткирүүгө каршы адамдардын саны ушунчалык көп экендигине таң калууда. Ал эми Республикачылар партиясы миграция, медицина маселелери сыяктуу ички көйгөйлөр да бар экенин эске салды", — деген Макгрегор.
Эксперт АКШ Россиянын эскертүүлөрүнө кулак салбай Украинадагы жаңжалга аралашып алганын белгилеген.
"Вашингтон болбогондо, эгерде ал бул жаңжалды каалабаганда мунун баары болмок эмес. Биз жасай турган нерсе – орустар бизге айтканды, тактап айтканда, "биз Украинанын НАТОго мүчө болушун кабыл албайбыз" дегенин угушубуз керек болчу. Талкуу бүтмөк", — деген Макгрегор.
Өткөн аптанын аягында АКШ Конгресси убактылуу бюджетин бекиткен, бирок анда Украинаны колдоого каржы каралган эмес. Шаршембиде Чикаго кеңешинин сайтына Киевге АКШнын колдоо көрсөтүшү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланган. Анда америкалыктардын дээрлик жарымы Киев бийлигине 43 миллиард доллар жардам берүү — жөн эле коротулган чыгым экенин билдиришкен. Сурамжылоого катышкандардын арасында Украинага экономикалык колдоо көрсөтүү керек дегендердин саны өткөн жылга караганда кыйла азайган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын "америкалык кыялы": эки айга жетерлик гана каражат бар