"Эл оозунда айтылып жүргөн уламыштар жашоодогу ар кайсы учурлардын жаралуу тарыхын баяндайт эмеспи. Көк бөрү, улак оюну тууралуу да ушундай эле уламыш бар. Ал тургай анда кара жорго бийи да сүрөттөлөт. Легенда боюнча өткөн бир замандарда зулум бай болот. Анын жер жайнаган койлору болуп, чымкый кара жоргосу чабандарга жардамдашып, койлорду кайырчу экен. Бул учурда бай баш болуп элдин баары тамаша чегип карап турушчу деп айтылат. Бир күнү ошол кара жоргосун карышкыр жара тартып кетет. Буга катуу ачууланган бай жигиттерди жиберип айланасында карышкыр калбай калганча карматып келет. Бардык колго түшкөн көк кашабаларды тирүүлөй ары-бери тарттырып оюн курат. Карышкыр калбай калганда ачуусу тарай элек бай улакты тарттырат. Ошондон кийин гана кычуусу канып басып кетет. Эл оозунда "баягы көк бөрүлөрдү кырган жылы" деп айтылып калат. Ошондон кийин той-аштарда ал бай улак тарттырып тамаша куруп чер жазчу болот. Карышкыр калбай калганча ачуусу тарабай оюн курган зулум бай деп, эл оюндун атын бирде "көк бөрү" деп атаса, кээде "улак" деп калышат", — деди Ниязов.