БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Орозобек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев Азия оюндарында эркин күрөштөн коло медаль тагынды.
Токтомамбетов 74 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, III орун үчүн тажикстандык спортчу менен күч сынашты. Натыйжада ал атаандашына жеңилүү ызасын тарттырып, 4:2 эсебинде утту.
Ал эми 125 килограмм чен бирдикте чыккан Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимовдон соңку секундада медалды “жулуп алды”.
Башында атаандашына 6:2 эсебинде утулуп жаткан, бирок акыркы 10 секунданын ичинде 4 упайлык эки ыкма жасаганга үлгүрдү. Мында акыркы аракети бааланып, ага жеңиш ыйгарылмак. Бирок Рахимовдун машыктыруучусу макул болбой “челлендж” басты эле, жыйынтыгында калыстар менен негизсиз талашканы аныкталды. Ал үчүн кыргызстандык балбанга дагы бир упай берилди. Натыйжада килемдеги таймаш 7:6 эсебинде Лазаревдин пайдасына аяктады.