ИИМ: "Аю" компаниясынын директору Тыныбек Исаев кармалды

Тергөө бир нече берененин алкагында жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Аю" компаниясынын директору Тыныбек Исаев кармалганын ИИМден билдирди.
Директор менен кошо дагы бир киши кармалгандыгын, экөө тең издөөгө алынгандыгын айтышты. Алардын абакта экени, ал эми катышы бар деген үчүнчү адам үй камагында экени маалым болду.
Тергөө бир нече берененин алкагында жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Буга чейин "Аю" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго карата аны сыртынан камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган. Ал Кыргызстандагы алкоголь жана спирт чыгарган ири заводдун ээси болгон. 14-апрелде президент Садыр Жапаров "Аю" компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводу мамлекетке өтүп жаткандыгын билдирген эле.
Ал эми 19-сентябрда УКМК Абдыкеримовго таандык "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" (ККНК) ишканасы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткени аныкталып, мамлекетке кайтарылганын билдирген.
Агенттик директору Токтогулов: "Аюнун" директору өзү келип заводун берем деди