БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жаңы Каховкада автоунаасы жардырылган "Единая Россия" партиясынын аймактык бөлүмүнүн катчысы Владимир Малов көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Журналисттерге шаардык администрациядагы ыкчам штабдан кабарлашкан.
Эске салсак, эртең менен кол салуу туурасында Херсон облусунун сенатору, партиянын регионалдык бөлүмүнүн катчысы Игорь Кастюкевич билдирген.
"Владимир Малов көз жумду", — деген штаб.