БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жекшембиде күндүз бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарында +17...+22 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +21...+23 жана Ош шаарында +25...+27 градусту көрсөтөт.