БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өттү. Бул Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгууга жардам бере турганын Бакыт Төрөбаев билдирди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
“Жакында эле Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик төрт жылда өтүүчү Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөндүгүн өзгөчө сүйүнүч, толкундануу менен айта кетейин. Өзүңүздөр билгендей, бул – Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен өтүү менен Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады. Бул аракеттерибиз Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга өбөлгө болот. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 2006-жылдан бери ушул “кара тизмеден” чыга албай келген”, – деди Төрөбаев.
Ал ошондой эле мамлекет жарандык авиациянын инфратүзүмдүк базасын жакшыртууга жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууга олуттуу жана чечкиндүү кадамдарды жасап жатканын белгиледи.