БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кендирбаева Догдуркүл мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, билим берүү жана илим министри болуп дайындалды", — деп айтылган анда.
Эске салсак, Кендирбаева мурдагы министр Каныбек Иманалиевдин ордуна билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп бекитилген.