Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат

Президент Билим берүү министрлигине мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен жыл сайын 60 орун бөлүү маселесин кароону тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Каракол шаарында М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул боюнча президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров "Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
"ЖОЖдун иши эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп, абитуриенттерди кабыл алуу тартиби Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленет", — деп жазылат маалыматта.
Президент Билим берүү министрлигине мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен жыл сайын 60 орун бөлүү маселесин кароону тапшырган. Ал эми Финансы министрлигине 2024–2025-окуу жылынан баштап Москва мамлекеттик университетинин филиалын республикалык бюджеттин эсебинен каржылоону табыштаган.
Кыргызстандын мектептеринде Россиянын 112 мугалими эмгектенүүдө