Бишкектеги КМШ саммити

Бишкекте КМШ саммити учурунда электросамокаттарды ижарага алууга чектөө кирет

Мэрия шаардыктардан түзүлгөн жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жаткан учурда электросамокаттарды ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Чектөө киргизүү маселесин Биринчи май районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов жана электросамокаттарды ижарага берген компаниялардын ээлери талкуулашкан.
Чектөө 12-октябрда таңкы убактан түнкү 00:00гө чейин киргизилет.
"Саммит алдында маршрутуңузду пландаштырыңыз же башка транспортту колдонуңуз", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаардыктардан түзүлгөн жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.
Ал күнү Бишкек менен Чүйдүн кээ бир көчөлөрү автоунаалар үчүн дагы жабылат.
Электросамокат айдоо эрежесин жөнгө салуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты