Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды. Видео

Спортчу Кыргызстандын жарандыгын былтыр июлда алган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Сардана Трофимова Кытайдагы Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Ал марафондо 2 саат 28 мүнөт 39 секундада келген. Биринчи орунду Бахрейн спортчусу багынтса, экинчини кытайлык спортчу алган. Сардана Трофимова марафон боюнча Россиянын беш жолку чемпиону. Спортчу Кыргызстандын жарандыгын былтыр июлда алган. Буга чейин ал мелдештерге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин атынан чыкчу.
Белгилей кетсек, Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан төрт балбан медаль тагынган. Алардын ичинен Эрлан Шеров, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын алса, Раззак Бейшекеев коло медалдын ээси болду.
Бали! Акжол Махмудов дагы Азия оюндарынын чемпиону болду