Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок

РФ лидери Россия аймагы боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө экенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украина кризиси — территориялык жаңжал эмес. Бул тууралуу Владимир Путин “Валдай” эл аралык жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Ал Россия аймагы боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө экенин эске салды.
“Кошумча территориялуу болуу ниетибиз жок. Сибирь, Ыраакы Чыгыш, айтор, өздөштүрө турган өзүбүздүн жерибиз жетиштүү”, — деди Путин.
РФ лидери Украинадагы согушту Россия баштабаганын, тескерисинче, аны соңуна чыгарууга аракет кылып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, Путин АКШ жана Европадагы айрым кесиптештерине кайрылып, алардын ким кантип жашашы керектигинен бери буйрук берип көнүп алышканын белгиледи. Россия лидеринин айтымында, алардын кылгандары колониялык доордогу башкарууну эске салат.
“Көзүңөрдү ачкыла, бул доор бүттү, ал кайра кайрылбайт”, - деди ал.
Бул жылы "Валдай" жыйыны Сочи шаарында өтүүдө.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР, ЛЭР, Запорожье, Херсон Россияга бириккен күн. Путиндин кайрылуусу