БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Калемгерлер арасында "Алтын калем" улуттук сыйлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, сынакты министрлик Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурууда.
"Максаты — кыргыз тилин даңазалап, эне тилде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо, калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү", — деп жазылат билдирмеде.
Чыгармалар 20-ноябрга чейин кабыл алынып, жыйынтыгы 12-декабрь — Улуттук адабият күнүндө чыгарылары кошумчаланды. Байге фонду 1 000 000 сом.
Сынактын толук шарты менен министрликтин социалдык тармактагы баракчасынан тааныша аласыздар.