Бали! Акжол Махмудов дагы Азия оюндарынын чемпиону болду

Эсеп 1:1 менен аяктады. Соңку ыкманы Акжол Махмудов жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Акжол Махмудов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болду.
Финалдык беттеште кыргызстандык балбан 77 килограмм салмак категориясында ирандык спортчу менен беттешти.
Эсеп 1:1 менен аяктаган, соңку ыкманы Акжол Махмудов жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.
Бир нече убакыт мурда грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков дагы алтын алган. Ал эми Раззак Бейшекеев коло утту.
Дзюдочу Эрлан Шеров Азиададан алтын утуп, тарых жаратты. Видео