5-октябрга карата аба ырайы

5-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарында +18...+23 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкек жана Ош шаарларында +26...+28 градусту көрсөтөт.
Октябрда аба ырайы кандай болот? Бир айдын божомолу