Жылуулук тарифин кескин кымбаттатууга жол ачылышы мүмкүн. Министрликтин долбоору

Документте жылуулук энергиясынын өздүк наркы өндүрүшкө, техникалык тейлөөгө кеткен каражатты жана капиталдык чыгымдарды жабышы керектиги белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Энергетика министрлиги жылуулуктун тарифин бир жылдын ичинде 25 пайыздан ашык жогорулатууга тыюу салынган норманы алып салууну сунуштап жатат.
Министрлик "Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө" буйругун өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга койду.
Анда жылуулук энергиясынын өздүк наркы өндүрүшкө, техникалык тейлөөгө кеткен каражатты жана капиталдык чыгымдарды жабышы керектиги белгиленген.
"Бирок тарифтерди белгилөөдө керектөөчүлөрдүн ар кандай категориясы үчүн жылдык жогорулатуу 25 пайыздан ашпоого тийиш экендиги каралган. Ушуга байланыштуу бааны (тарифти) толук наркка жеткирүү максатында тарифтерди жогорулатууга коюлган босогону алып салуу сунушталат", — деп жазылат документте.
Сарсанаа болбогула, кыштан көйгөйсүз чыгабыз. Жапаров электр энергиясы тууралуу