Радио

Кыргыз киносу дүйнөдө эң көп колдонулган 30 тилге которула баштайт

"Кыргыз тасмасы" мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков чет элдик тасмаларды кыргыз тилине которуу менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуларын айтты.
Sputnik
2024-жылдын май айынан баштап кинотеатрларда коюлган чет элдик фильмдер кыргызча субтитр менен көрсөтүлөт. Бул тууралуу Талантбек Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай аракеттин башкы максаты — кыргыз тилин жайылтуу.
"Бул демилгени биз июнь айында эле алып чыкканбыз. Үч ай мурун жумушту баштап, кыргыз тилин кино аркылуу канткенде жайылта алабыз деп ойлондук. Фильм аркылуу көптөгөн позитивдүү нерселерди чагылдырып, коомубузду кайсы бир деңгээлде алдыга жылдыра алабыз. Чет элдик тасмаларды кыргыз тилине которуу менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошобуз. Баары план боюнча кетсе 2024-жылдын май айынан баштап кинотеатрларда чет элдик тасмаларды кыргызча субтитр менен көрүп калабыз. Сериалдар да мунун ичине кирет. Ошондой эле кыргыз кинолору да дүйнөдө эң көп колдонулган 30 тилге которула баштайт", — деди Төлөбеков.
Ал акырындык менен чет элдик тасмаларга кыргыз тилинде дубляж жасаларын да кошумчалады.