Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Киевге жасалган күтүүсүз соккулар Путиндин чырагына май тамызууда

Журналист Украинага аскердик жана акчалай колдоо Батыш мамлекеттериндеги шайлоо кампанияларынан көз каранды экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Украина аскердик жана финансы жаатында жардам алып жүргөн батыш өнөктөштөрүнүн күтүүсүз соккусуна дуушар болууда. Бул тууралуу РИА Новости CNN журналисти Стивен Коллинсондун айтымына таянып кабарларды.
Эксперт АКШнын Конгрессинде республикачылар мамлекеттик чыгымдар боюнча мыйзам долбооруна Украинага алты миллиард доллар бөлүү боюнча пунктуну кошпоо мүдөөсүнө жеткенин эскерткен. Ал арада Словакиядагы парламенттик шайлоодо Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотууну убадалаган Роберт Фицонун Smer партиясы жеңишке жетти.
"Вашингтон менен Братиславанын күтүүсүз соккусу Киевдин биринчи жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Польшанын дан экспорту маселеси боюнча пикир келишпестиктерине кошул-ташыл болду. Ортодогу талаш Варшаванын Киевге курал-жарак берүүнү токтотушу мүмкүн экенин эскертти", — деген Коллисон.
Журналисттин ою боюнча, бул окуялардын ар бири Украина үчүн тобокелчилик жана коркунучтардын өрчүп жатканынан кабар берет. Ошондой эле ал Киевге аскердик жана акчалай колдоо Батыш мамлекеттериндеги шайлоо кампанияларынан көз каранды экенин белгилеген.
Коллисон Киевдин союздаштарынан кол жууп жатышы Путиндин чырагына май тамызып жатканын божомолдогон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев АКШнын колдоосу болбосо туруштук бере албастыгын моюндады