БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Билим берүү министрлигине талапкер Догдуркүл Кендирбаева мурдагы жетекчи Каныбек Иманалиевдин эмне себептен кызматтан кеткенин айтты.
Кендирбаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети карап жатат.
Депутаттардын бири Айбек Маткеримов андан мурдагы министр Каныбек Иманалиевдин кызматтан эмнеге кеткендигин билерин сурады.
"Окуу китептеринин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча маселе чыккан. Мен дал ошол маселени чечүү боюнча иштейм. Экинчиден, министрликте антикоррупциялык өтө чоң тобокелдиктер бар, дал ошону кыскартуунун үстүндө иштейм", — деди ал.
Кендирбаева окуучулардын сапаттуу билим алышына билим берүү системасындагы тоскоол болгон факторлорду жоюу боюнча иш алып бара тургандыгын белгиледи.
Мурдагы министр Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган жок деген кине менен 7-сентябрда кызматынан бошотулган.