Кендирбаева элет жеринде орус тилин окуткан класстар чектелерин айтты

Догдуркүл Кендирбаеванын билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети карап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Билим берүү министрлигинин артыкчылыктуу багыты — кыргыз тилин окутууну милдеттүү түрдө көбөйтүү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде айтты.
"Билим берүү министрлигинин артыкчылыктуу багыты — кыргыз тилин милдеттүү түрдө көбөйтүү. Себеби Кыргызстанда өзөктүү конституциялык тил кыргыз тили болгондуктан бул маселелерди биринчи орунга коебуз. Бул айрым билим берүү мекемелеринде ызы-чууну, каршылыктарды жаратышы мүмкүн. Бирок милдетибиз ошол", — деди ал.
Мындан сырткары, Кендирбаева элеттеги орус класстарын жабууга туура келет деген пикирин билдирди.
"Функционалдык сабаттуулуктун биринчи өзөгүнө, кыргыз тилине өткөрүшүбүз керек. Балким айыл жериндеги орус тилиндеги чөйрө жок орус класстарын жабууга туура келер. Анткени билим берүүнүн жетишкендигинде бул чоң сапат бербей жатат", — деп түшүндүрдү мындай чечимди Кендирбаева.
Кендирбаеванын Билим берүү жана илим министрлигине талапкерлигин Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети карап жатат.
Өлкөдө кыргыз жана орус тилдерин билүү деңгээли. Эл каттоонун жыйынтыгы
Чернышкова: Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу жогору бойдон калууда