Кыргызстанда асыл тукум малдын башын көбөйтүү максатталууда

Совет мезгилинде малдын 97 пайызы асыл тукумдуу болсо, азыр бул көрсөткүч болгону бир пайызды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдын башын көбөйтүү үчүн чарбаларга акчалай колдоо көрсөтүүнү сунуштап жатат.
Министрлер кабинетинин токтомунун негиздемесинде асыл тукум мал багуу кадимки мал кармаганга караганда бир жарым эсе кымбат түшөрү белгиленген. Мындай чарбаларга каражат жетишсиз болуп келгендиктен, аларга жардам берүү каралууда. Бул — дүйнөлүк тажрыйба.
Мамлекеттик бюджеттен майда жана бодо малдын (классына жараша) салмагына карап баасынын 20-30 пайызын төлөп берүү сунушталып жатат. Мындан тышкары, үй канаттууларын сатууга да колдоо көрсөтүү каралып жатканы айтылды.
Айыл чарба министрлиги совет мезгилинде малдын 97 пайызы асыл тукумдуу болсо, азыр бул көрсөткүч болгону бир пайызды түзөрүн эскертти. Нытайжада ал көлөмгө жетиш үчүн малдын башын көбөйтүү керек. Мунун баары жайыттардын арыкташын шарттоодо, буга кошумча, чыгым көбөйүп, фермерлердин кирешеси азаюуда. Башкача айтканда, сандан сапатка өтүү мерчемделип жатат.
Кыргыздын жоголуп кеткен асыл тукум жылкысынын генетикасы Нарындан табылды. Маек