Боомдогу үрөй учурган жол кырсыгынан эки адам көз жумган

Жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып, ал эми бус бир капталына оодарылып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Боом капчыгайында 1-октябрда болгон жол кырсыгынан эки адам каза болгонун Кемин райондук ооруканасы билдирди.
Эскерте кетсек, каргашада бус менен жеңил автоунаа кагышкан. Күбөлөр салган видеодо жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып, ал эми бус бир капталына оодарылып калганын көрүүгө болот.
"Маркумдардын бири ошол жерден мүрт кеткен, дагы бир аял реанимацияда каза болгон. Ушул эле бөлүмдө дагы үч адам жатат. Тогуз киши хирургия бөлүмүндө", — деп айтылат маалыматта.
Дагы 11 киши медициналык жардамга муктаж болуп кайрылган, айрымдары ооруканага жатуудан баш тартса, калганы амбулатордук дарыланууга коё берилген.
Радио
Өлкөдө быйыл 7 айда жол кырсыктан 40тан ашык өспүрүм көз жумду. Кейиткен сандар