Ошто ит тиштеген 12 жаштагы бала кутурмадан көз жумду

Медиктер ит же жапайы жаныбар тиштегенден кийин дароо дарыгерге кайрылуу керектигин, вакцина алуу абдан маанилүү экенин эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт.— Sputnik. Ош шаарында 12 жаштагы окуучу бала кутурма дартынан көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун эпидемиологу Элмира Масымбаева билдирди.
Анын айтымында, өспүрүм жайында Өзгөн районуна чоң энесиникине барганда ит тиштеп алган.
"Ага убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Чоң энеси тиштелген жерин спирт менен гана сүртүп койгон. Сентябрь айынын ортосунда өспүрүм жарыктан, суудан, катуу үндөн коркуп, гидрофобия пайда болгон. Медиктер текшерип, алдын ала диагноз коюлган соң бала ооруканага жаткырылып, бирок үч күн өтпөй көз жумган", — деген Масымбаева.
Бейтаптын ата-энеси сөөктү сойдуруудан баш тартканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, кутурма үй жана жапайы жаныбарлардын шилекейи аркылуу жугат. Медиктер ит же жапайы жаныбар тиштегенден кийин дароо дарыгерге кайрылып вакцина алуу абдан маанилүү экенин эскертет.
Радио
Айыкпас дарт. Кутурмадан кантип коргонуу керек?