Маск Трюдону Канадада сөз эркиндигин жок кылууга айыптады

Кеп онлайн-платформаларда стриминг, подкаст жарыялоо шарттарын жөнгө салуу боюнча күчүнө кирген жаңы эрежелер туурасында болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Канаданын премьер-министри Жастин Трюдону өлкөдөгү сөз эркиндигин жок кылууга аракет кылып жатат деп күнөөлөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал онлайн-платформаларда стриминг (мультимедиалык агым) жана подкаст жарыялоо шарттарын жөнгө салуу боюнча күчүнө кирген жаңы эрежелер туурасында айтты.
"Трюдо Канададагы сөз эркиндигин жок кылууга аракеттенип жатат. Уят эле", — деп жазды Маск Х тармагына Канада бийлигинин кадамына комментарий берип жатып.
Сентябрдын аягында Канаданын телекоммуникация жана радио уктуруу (CRTC) комиссиясы стриминг кызматтары менен подкасттардын иштөөсү боюнча жаңы эрежелерди жарыялаган. Анда жылына 10 миллион Канада долларын (656,38 миллион сом) иштеп тапкан онлайн-платформалар 28-ноябрга чейин каттоодон өтүшү керектиги айтылган.
Агенттик документтин негиздемесинде каттоодон өтүү талабы социалдык тармактар менен онлайн-кызматтарга да тиешелүү экендигин жазды.
Кыргызстан Европарламенттин өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча резолюциясына жооп кайтарды