Эки жолу кол салышкан. Россиялык ишкер УКМКнын тергөө абагында

Чет өлкөлүк ишкерге "Кылмыштуу акчаны адалдоо" беренеси боюнча иш козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россиялык ишкер Александр Гайдуков УКМКнын тергөө абагында экенин Биринчи май райондук сотунан кабарлады.
Ага карата баш коргоо чарасы сентябрдын башында тандалган. Гайдуков 6-октябрга чейин абакта болот.
Ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу акчаны адалдоо") боюнча иш козголгон. Бул үчүн мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө темир тордун ичине отургузуу каралган. Ошондой эле эки жылга чейин белгилүү бир кызматтарды ээлөө же айрым иштерди жүргүзүү укугунан ажыратылат.
Эске салсак, 62 жаштагы Гайдуковго эки ирет кол салуу болгон. Биринчиси, 2016-жылдын апрель айында Исанов көчөсүндө катталган. Анда ишкерге ок атылып, бирок ал шектүүнү байкап калып автоунаага кире качканга жетишкен. Экинчи ирет ошол эле көчөдө, Гайдуковдун кеңсеси жайгашкан жерде жарылуу болуп, ишкер жабыркаган.
Акчаны казинодо уттурган эмес. Башкы прокуратура кызматкери тууралуу маалымат берди