Бишкекте шаурмага уулангандар. Ооруканага түшкөндөр улам көбөйүп жатат

Бүгүн күндүзү эле ууланган 43 адам кайрылганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Борбор калаада шаурмага ууланган адамдардын саны 64кө жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Анын ичинен азыркы тапта 34 адам медициналык мекемеде дарыланууда.
Бүгүн күндүзү ууланган 43 адам кайрылып, 23 кишинин ооруканага жатканы айтылган. Ал эми кечээ 21 адамдын жабыркаганы кабарланып, алардын 15и Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган.
Бул ишке байланыштуу Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки тез татым жабылып, айып салынды. Саламаттык сактоо министри шаардагы бардык фастфуд саткан жайларды текшерүүгө тапшырма берген.
Туякты да кошуп жиберишет. Адистер ден соолукту талкалоочу төрт азыкты аташты