Бишкекте Россиянын экспорттук борборунун өкүлчүлүгү ачылды

Мындай борбор 13 өлкөдө иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкекте Россиянын экспорттук борборунун өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу борбордун Телеграм-каналына жарыяланды.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандан потенциалдык сатып алуучуларды таап берүүгө, сүйлөшүүлөрдү уюштурууга, кыргыз контрагенттеринин ишенимдүүлүгүн текшерип берүүгө жана Кыргызстандын рыногуна чыгуу жолдорун таап берүүгө көмөктөшөт.
Өкүлчүлүк Игембердиев, 1 дарегиндеги "Аврора" бизнес борборунда жайгашкан. Мындай борбор 13 өлкөдө иштейт.
Кыргызстандын мектептеринде Россиянын 112 мугалими эмгектенүүдө