3-октябрга карата аба ырайы

3-октябрда түнкүсүн тоолуу жерлерге кар жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарында +13...+18 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +21...+23 жана Ош шаарында +25...+27 градусту көрсөтөт.
Октябрда аба ырайы кандай болот? Бир айдын божомолу