Түндө Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Силкинүүнүн очогу Бөкөнбаев, Туура-Суу жана Кажы-Сай айылдарына жакын жерде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Түндө саат 03:30да Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жер титирөөнүн очогу Туура-Суу айылынан 12 чакырым, Бөкөнбаев айылынан 15 чакырым, Кажы-Сай айылынан 13 чакырым аралыкта болгон. Аталган айылдарда жердин силкинүүсү 4 баллга чейин сезилсе, Темир-Канат, Эшперов, Төрт-Көл айылдарында 3,5 балл, Тамгада 3 баллга чейин сезилгени айтылат.
Жер титирөө болорун алдын ала айтууга мүмкүнбү? Эксперт жооп берет