Октябрдын башында аба ырайы кандай болот? Бир жумага божомол

Жуманын башында күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкекте 1-2-4-6-октябрь күндөрү күн ачык болот. 3-7-октябрда күндүз бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй

1-октябрда күн ачык болот. 2-октябрда күндүз жана 3-5-7-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-6-октябрда жаан-чачын болбойт. Абанын орточо температурасы 22-24 градус болот.

Талас

Облус аймагында 1-октябрда жана 3-4-6-октябрда жаан-чачын жаабайт деп божомолдонду. 2-5-7-октябрда күндүз жаан жаайт. Күн кээ бир аймактарда 22-24 градуска чейин жылыйт.

Ош

Аймакта 1-октябрда жана 4-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 2-3-5-7-октябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Күн 25-27 градуска чейин жылыйт.
Кудай колдогон "сары чымчык". Эл артисти Дарика Жалгасынованын видеомаеги

Жалал-Абад

1-октябрда түнкүсүн жаан жаайт, күндүз күн ачык болот. 2-3-7-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаайт. 4-6-октябрда күн ачык болот. Күн болсо 28 градуска чейин ысыйт.

Баткен

Синоптиктердин маалыматында, облуста 1-3-4-6-октябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 2-5-7-октябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн илеби 23-25 градуска жетет.

Ысык-Көл

Көл башка аймактарга салыштырмалуу жаан-чачындуу болот. Айрым күндөрү күндүз, кээ бир күндөрү түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Орточо температура — 14-19.

Нарын

Бул жерде 1-2-4-6-октябрда жаан-чачын болбойт. 3-5-7-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт. Аймакта күн 13-15 градуска чейин жылыйт.
"Кыргыз кереметин" жараткан бөбөктөр. Тасмадагы таланттардын сүрөтү