БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескен келиндин сүйлөгөн видеосу соцтармакка тарады. Видеодон анын бети-башы таңылганы көрүнөт.
Керебетте жаткан абалда сүйлөгөн жабырлануучу: "Мен Кыргызстанга келгенден баштап бул зөөкүр мага бир күн дагы тынчтык берген жок. Кайрылбаган жерим калган жок, канча арыз жаздым, канча жолу укук коргоо органдарына кайрылдым. Менин үнүм эч кимге жеткен жок", — деди ал.
20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция аймагында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген.
Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Алар беш жыл мурун ажырашып кетишкен, андан кийин келин Италияга кетип төрт жыл иштеп, өткөн жылы Кыргызстанга кайтып келгени маалым болгон.
Өткөн аптада жабырланган аялдын кескиленген органдарын калыбына келтирүүгө түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалаган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.
27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, келиндин кулак-мурдун кескен кишини 8 жылга соттоду. Жогорку сот зөөкүргө пробация өкүмүн чыгарган соттун аракетине юридикалык баа берилерин убадалады.