Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР, ЛЭР, Запорожье, Херсон Россияга бириккен күн. Путиндин кайрылуусу

Россиянын лидери бир жыл мурун тарыхый, тагдыр чече турган жана аныктаган окуя болгонун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Донецк, Луганск Эл Республикаларынын жана Запорожье менен Херсон облустарынын Россия менен бириккен күнүнө байланыштуу видео кайрылуу жасады.
Анын айтымында, бир жыл мурун тарыхый, тагдыр чече турган жана аныктаган окуя болгон. Россия төрт жаңы субъектини кабыл алуу жөнүндө келишимге кол койгон. Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарынын миллиондогон эли өз тандоосун жасаган.
"Бул эл аралык ченемдерге толук ылайык келген, эл көптөн күткөн жана терең ойлонуп кабыл алган чечим болгон. Аларды коркутуп-үркүтүп, келечегин жана тагдырын тандоо укугунан ажыратып, адамга кымбат маданият, салт жана эне тилин унуткарууга аракет кылышкан. Улутчулдар жана алардын батыштагы колдоочулары 2014-жылы Киевде мамлекеттик төңкөрүш жасап, андан кийин толук масштабдуу жарандык согуш чыгарып, каршы чыккандарга террор, блокада, Донбасста дайыма ок атууларды жана жазалоочу акцияларды уюштурду", — деди Путин.
Президент миллиондогон адамдын эркин, ишенимин жана тарыхый чындыгын эч ким жана эч нерсе жок кыла албай турганын белгилеген. Россиянын эли алардын эркин жана анык тандоосун колдогонун айткан.
Ал жаңы аймактарды жандандыруу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча алдыда чоң иштер бар экенин кошумчалаган.
Путин: Россия Латын Америка менен ЕАЭБдин ортосунда байланыш түзүүгө белсенет