Мелис Аспеков массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп кайра камалды

Үстүбүздөгү жылдын 23-майында Аспековго президент ырайым берип, абактан чыккан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жарандык активист Мелис Аспеков кайрадан кармалып, эки айга камалды. Маалыматты Биринчи май райондук соту тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, Аспеков массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү беренеси менен айыпталууда.
Ал ИИМ тарабынын 27-сентябрда кармалган, тергөөчү аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Натыйжада баш коргоо чарасын караган Биринчи май райондук соту жарандык активистти 27-ноябрга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине (Бишкектеги №1 Тергөө абагы) киргизүү чечимин чыгарган.
Белгилей кетсек, Мелис Аспековду УКМК 2021-жылы январда кармаган. Ал блогер Улан Жураев экөө “Кыргыз темир жолу” ишканасын Финпол аркылуу текшертебиз, жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Кийин Жураев үй камагына чыгарылып, сот Аспековду жети жылга эркинен ажыраткан.
Бирок үстүбүздөгү жылдын 23-майында Аспековго президент ырайым берип, абактан чыккан болчу.
Ош ОИИББде кызматтык үйлөр туура эмес бөлүштүрүлгөнү аныкталып, үч киши кармалды