Өлкөнүн түштүгүндө кытайлык адистер 338 адамдын көзүнө акысыз операция жасады

Долбоорду жыйынтыктап жатып медиктер Ош облустук ооруканасына 8 миллион сомдук жабдууларды тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош шаарында кытайлык адистер катаракта менен ооруган 300дөн ашык бейтаптын көзүнө ийгиликтүү операция жасады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
"Экспресс ден соолук — жаркын саякат" долбоору менен келген дарыгерлер 18-29-сентябрь күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундарын тейлеген.
Анын алкагында 338 бейтапка катаракта боюнча бекер операция жасалып, 100гө жакын адам текшерүүдөн өтүп, кеп-кеңештерди алышкан. Операциянын ар бир этабы заманбап медициналык технологияларды колдонуу менен жана тажрыйбалуу офтальмологиялык хирургдардын көзөмөлүндө жүргүзүлгөнү белгиленди.
Сапарын жыйынтыктап жаткан долбоордун жетекчиси Гуо Лей Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына баасы 8 миллион сомдон ашык офтальмологиялык жабдууларды өткөрүп берүү сертификатын тапшырган. Алар жарык берүүчү лампа, AV сканер, кератометр, контактсыз тонометр жана асферикалык линзалар.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытай өкмөтүнө медицина тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө үмүт арткан.
Аталган долбоордун алкагында буга чейин Бишкекте дагы 300 адамдын көзүнө акысыз операция жасалган.
Өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык акция жарыяланды