БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, облустун тургунунан 400 миң сом опузалаганы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Аталган кылмышка милиционерлер капитан Т.Б.Н., майор И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.у.Н. шектелүүдө. УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада талап кылган каражаттын 100 миң сомун алып жаткан жеринен майор Ж.у.Н. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлеринин ар биринин бул кылмышка катышуусунун ролу жана даражасы аныкталган.
Учурда Ж.у.Н. эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми кылмышка шектелген дагы үч милиционер из жашырып жүрөт. Мындан улам 28-сентябрда аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланган.
УКМК аталган кызматкерлерден жапа чеккен жана жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан Ош шаары жана Ош облусу боюнча нөөмөт бөлүмүнө 0(3222) 7-32- 32; 4-86-14 номери аркылуу кайрылууну өтүндү.