Көздүн көрүүсүн начарлаткан күнүмдүк адаттар

Адистин айтымында, жатып алып иштөө адаты көздүн көрүүсүн начарлатышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Көздүн көрүүсүнүн начарлашы тукум кууган оорулардан гана эмес, күнүмдүк адаттардан улам пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу офтальмолог, микрохирург Светлана Миргородская Известие басылмасына берген маегинде айтып берди.
“Биз жакын жерди карап иштеген сайын булчуңдар чыңалып, көзгө оор келет. Алысты карап иштөө көздүн көрүүсү үчүн эң ыңгайлуу шарт болуп эсептелет. Андыктан компьютерде көп иштегенде же бир сааттан ашык китеп окуганда 5-10 мүнөткө көздү тыныктыруу керек”, — деген дарыгер.
Ал ошондой эле көздүн көрүүсүнүн начарлашына себепкер болгон төмөнкү адаттарды атаган:
Жарык жетишсиз же, тескерисинче, өтө эле жарык жерде иштөө;
Жатып алып компьютерде иштөө же китеп окуу. Мында моюн булчуңдарына күч келип, баштагы, көздөгү жана моюндагы кан айлануу бузулат;
Көз жакшы көрүшү үчүн организмде D витамини жетиштүү болушу керек. Ал үчүн күнүгө 2 сааттан кем эмес күндүн нурунда сейилдөө сунушталат;
Ошондой эле убагы менен дарыгерге кайрылып, гормондорду текшертип туруу зарыл.
Дарыгер күзүндө кантты азыраак колдонууну сунуштады