Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимин кайра кароо мыйзамын кабыл алды

Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды.
Ага ылайык, аталган органдын чыгарган тыянагы кээ бир учурда акыркы болуп саналбайт. Президенттин жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен кайра каралууга жатат.
Аталган документти мамлекет башчы Садыр Жапаров демилгелеп, администрациясы тарабынан иштелип чыккан.
Бүгүн парламенттин жыйынында перезиденттин өкүлү Алмасбек Абытов бул долбоорду күн тартибине кезексиз түрдө киргизип, бир учурда экинчи жана үчүнчү окууда карап берүүнү суранды. Натыйжада депутаттар эч кандай талкуусу жок эле колдоп беришти.
Добуш берүүнүн алдында эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев менен Надира Нарматова бул мыйзам "матчествого" каршы жазылганын айтып, кесиптеширинин көңүлүн бурду. Бирок мыйзам бир эле ага эмес, Конституциялык соттун башка чечимдерине да тиешелүү болот.
Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, Конституциялык соттун жашы жеткендерге атасынын атынын ордуна энесинин атына катталса болот деген маселеге уруксат берген чечими кыргызстандыктар тарабынан катуу талкууга алынган.
Көп өтпөй Консот түшүндүрмө берип, 18 жашка чыккан жаран атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечерин айткан. 30-июлда Конституциялык сот бул жагдай боюнча Үй-бүлө кодекси менен "Жарандык абал боюнча" мыйзамдын бир катар нормаларынын Конституцияга туура келер-келбесин карап, аны Баш мыйзамга каршы келбейт деп тааныган.
Депутат камактагы 2 000 адамга мунапыс берүүнү сунуштады. Категориялар