Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткармай болду

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп, "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондун башкарган.
Мурдагы министр Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.
Радио
"Учкун": жаңы окуу китептери басылып чыкты, тартыштык үч жылда жоюлат