Чемпиондор жакшы тосулган жок. Жапаров Байсалов менен Максутовго нааразы болду

Белградда өткөн дүйнө чемпионатынан кыргызстандык балбандар үч алтын, бир күмүш, бир коло медаль менен кайтып, жалпы командалык эсепте Япония менен АКШдан кийинки абройлуу үчүнчү орунду ээлешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго эскертүү бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

2 / 2

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов

Тиешелүү тескемеге мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров кол койгон.
Чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.
Эскерте кетсек, Белградда өткөн дүйнө чемпионатынан кыргызстандык балбандар үч алтын, бир күмүш, бир коло медаль менен кайтып, жалпы командалык эсепте Япония менен АКШдан кийинки абройлуу үчүнчү орунду ээлешти.
Садыр Жапаров байгелүү кайткан балбандарга акчалай сыйлык тапшырды