Жүрөгүңүздү текшертип алыңыз! Улуттук кардиологияда ачык эшик күндөрү өтөт

Иш-чара 29-сентябрда белгиленип келген Жүрөк күнүнө карата уюштурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда 27-28-сентябрь күндөрү Жүрөк күнүнө арналган ачык эшик күндөрү өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ден соолугун текшертүүнү каалагандар саат 10:00дөн 15:30га чейин аталган борборго кайрылса болот.
"Дарыгерлер ар бир адамдын тамеки чегүү, туура тамактануу, дене-боюн текшерип, салмак индексин, кан басымын жана кандагы холестерин менен кантты өлчөйт", — деп айтылат маалыматта.
Суроолор боюнча 0507005470 телефон номерине кайрылууга болот.
29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү — бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.
19 жаштагы балдар инсульт болууда. Кыргызстанда майыптык кантип аныкталат?