Нарында 7 жашар кызды өлтүргөн киши 12 жылга кесилди

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Нарын райондук соту жети жашар кыздын өлүмүнө айыпталган кишини 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук сот маалымдады.
Соттун өкүмү менен 64 жаштагы Ш.Х. жалпы режимдеги колонияда кармалат. Жаза мөөнөтү 29-апрелден тарта эсептелмекчи.
Эскерте кетсек, жүрөк үшүн алган окуя апрель айында Нарындын Орто-Нура айылында болгон. Жети жаштагы Ж.А.Ж. түштөн кийин мектептен чыгып, бирок үйүнө жеткен эмес. Кыздын сөөгү ошол эле түнү каралбай калган үйдөн табылган. Жеткинчектин өлүмүнө шектелип 64 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган болчу.
Баткен ОИИБ башчысынын орун басары Мухамадиевди өлтүргөн жээни 15 жылга кесилди