Душанбе менен Нью-Йорктогу саммиттердин Борбор Азия үчүн мааниси. Сереп

Жамааттык Батыш канчалык тырышпасын, азыр да, жакынкы келечекте да Борбор Азия өлкөлөрү Россияны өз эгемендигине кандайдыр бир коркунуч катары көрүшпөйт. Ортодогу консенсуска жетүү үчүн алар акылдашуунун форматын өрчүтөрүн белгилейт колумнист.
Sputnik
Борбор Азия мамлекеттери үчүн учурда эл аралык-саясий окуялар байма-бай болууда. Адегенде Душанбеде чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн президенттеринин V консультативдик жолугушуусу, андан соң Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катар Америка Кошмо Штаттары менен Борбор Азия мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги "С5+1" форматындагы алгачкы саммити өттү.
Чөлкөмдөгү жагдайлар мамлекеттерди ич ара мурдагыдан да тыгыз кеңешүүгө түртүүдө. Ал эми дүйнөлүк кыйла масштабдуу түзүмдүн жаралышын күтүү эл аралык талаш-тартышка, ошол тартиптин адилеттүүлүгүн аныктай турган эреже жана принциптер үчүн күрөшкө катышууга аргасыз кылат.
Борбор Азия өлкөлөрү жалпы бир фронт менен чыгабы же жаңы бир багыттарды тандап кетеби деген тейдеги соболдор көпчүлүктүн бүйүрүн кызытпай койбойт. Бирок жаңы, адилеттүү дүйнө түзүмү үчүн абал курчуган сайын четте карап туруу кыйындап барат.

Тышкы көз караш

Батыш өлкөлөрү, ошондой эле алардын көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары бешинчи саммитте эл аралык коопсуздуктун орчундуу маселелери, анын ичинде, албетте, Украинадагы кырдаал боюнча чөлкөмдөгү мамлекеттердин "кандайдыр бирдиктүү позициясы" иштелип чыгарын жоромолдошкон эле.
Бирок мамлекет башчыларынын расмий сөздөрүндө чөлкөмдөгү бирдиктүү бир позиция тургай, Россиянын Украинадагы атайын операциясын талкуулоо жөнүндө кымындай да ишарат байкалган жок. Борбор Азия өлкөлөрүнүн дүйнөнү туя билүүсү, атап айтканда, коопсуздукка коркунуч жаатында башка мамлекеттерден айырмаланат. Бул жамааттык Батыш канчалык аракет кылбасын, ушул тапта да, жакынкы келечекте да аймактагы мамлекеттер Россияны өз эгемендигине коркунуч катары карабай турганынан кабар берет. Тескерисинче, алар ЖККУ, ШКУ жана КМШ алкагында РФ менен байланышты бекемдейт.
Чөлкөм үчүн Афганстан тараптан коопсуздук коркунуч күч, анын суу ресурстарын бөлүштүрүү жаатындагы пландары орчундуу. Бул баарынан Тажикстан менен Өзбекстанды көбүрөөк кооптондурат. Бирок мында да орток көйгөй жана коркунучтарды түшүнүү Афганстанга карата бирдиктүү саясатка жеткирбейт. Борбор Азиянын аталган мамлекет менен чектешкен өлкөлөрү Кабул менен кызматташуу боюнча ар кандай позицияны карманат.
Афганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча 29-сентябрда Казанда "Москва форматындагы" жолугушуу да Борбор Азияда ушул маселелерде Россиянын ролу дале сакталарын көрсөтөт. Жалпысынан консультативдик кезигүү жалпы кызыкчылыктардын бар экенин, бирок аларды ишке ашырууда артыкчылыктар башка экенин ккөрсөттү. Бул чөлкөмдө мындан ары да биргеликте иш алпаруу зарылдыгынан кабар берет.
XXI кылымда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда достук болобу?
Душанбедеги консультативдик жолугушуунун алдында "XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынтымактуу коңшулук жана кызматташтык жөнүндө" келишимге кол коюлары күтүлгөн. Мурда, тагыраак, 2022-жылдын июль айында Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн төртүнчү саммитинде бул келишимге Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан кол койгон.
Тажикстан менен Түркмөнстан ага макулдугун билдиргени менен "өз өлкөлөрүндө ички мамлекеттик процедураларды жүргүзүү зарылдыгын" айтып, документке кол коюшкан эмес. V жыйындын натыйжасы боюнча, Тажикстан менен Түркмөнстан же кол коюудан баш тартып, же дегеле саммитте бул келишим талкууланмак эмес. Тилекке каршы, бул өлкөлөр ортосунда чечиле элек маселелердин, мисалы, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара көйгөйү бар экенин билдирет. Түркмөнстан аймактагы кызматташтыкка дайым өзгөчө көз карашта. Бул документке кол коюу үчүн Ашхабадга кыйла ыңгайлуу убакыт жана учур тандалышы ыктымал.
Борбор Азияда достук жана кызматташтык дайым өкүм сүрөт, анан албетте, өз ара аракеттешүүнүн жалпы маанайын кабылдоо жана интеграциянын келечектеги формалары үчүн маанилүү болсо да бул келишим — юридикалык формалдуулук.
Биргелешкен билдирүү менен чогуу транспорт, жаштар саясаты, чөлкөмдөгү саламаттыктын "жол картасы" консультативдик жолугушуулардын улуттук координаторлору жөнүндөгү жобого да кол коюлду. Аны чөлкөмдөгү алакалардын ушундай форматын уюмга айландыруунун негизи катары кароого болот, демек, өлкөлөрдүн пландары бар.
Токаев Байденди Борбор Азияны өзөктүк курал менен коркутпоого чакырды

Азербайжан жана кызматташуунун жаңы чийиндери

Бешинчи консультативдик жолугушуунун иш-чараларына катышуу үчүн Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ардактуу мейман катары келиши күтүүсүз болду. Анткен менен транспорт жана коммуникация жаатындагы долбоорлордон, атап айтканда, Ортодогу коридор (Кытай Эл Республикасы — Борбор Азия — Түштүк Кавказ — Түркия — Европа), Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Россия мультимодалдык коридору жана Кытай Эл Республикасы — КР — Өзбекстан темир жолдон улам иш-чарага Азербайжан лидеринин катышуусу тегин жерден эмес. Өз сөзүндө ал өлкөсү Каспийде ири соода флотуна, танкер куруу жана кургак жүк мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине жөн жерден басым жасаганы жок. Дал ушул нерсе жогоруда аталган мультимодалдык коридордун алкагында керектелиши мүмкүн. Казакстандын территориясы аркылуу транзит көйгөйлөрүнөн улам бул коридордун мааниси арта түштү.
Ушулардын баары Борбор Азия жана Түштүк Кавказдын алкагында кызматташуунун жаңы сызыктарынан кабар берет. Балким Казакстанда эмки жылы өтө турган саммитте Азербайжан башка макамда катышып, ал эми консультативдик жолугушуулар Түштүк Кавказга дейре кеңейтилип калгысы бардыр.

Күздүн бүйүр кызыткан окуясыбы?

Америка Кошмо Штаттары менен Борбор Азия мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги "С5+1" форматындагы жолугушуусу көпчүлүк күткөн окуя болду. Саясатчылар менен эксперттер биринен-бири озуп Вашингтон аталган чөлкөмдөгү мамлекеттерге эмне камдаганын боолголоп, өз жоромолдорун да ортого салып жатышкан эле. Атап айтканда, эксперттик коомчулуктун батышчыл бөлүгү транспорт, экономика, инвестиция маселелери боюнча жаңы жана кызыктуу сунуштарды күтүп, Россия, КЭРден, бир жагынан АКШ, экинчи тарабынан Батыш коомчулугунун ортосундагы улам өрчүп бараткан атаандаштыктан кошумча пайда көрүү мезгили келгенин болжошкон.
Ошондой эле АКШ Россияга каршы санкциялар жана РФтин Украинадагы атайын аскердик операциясын айыптоо боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнө кысым күчөтөрүн да боолголошкон. Булардын эч бири болгон жок. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катар АКШ менен Борбор Азия мамлекет башчыларынын "С5 плюс 1" форматындагы алгачкы жолугушуусу абдан жупуну өттү.
Саммиттин натыйжасына караганда, анын башталганга чейинкиси көбүрөөк кызыгуу туудурган. Президент Байден жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери эл аралык алакалардын орчундуу маселелери жөнүндө ойлорун кыйла кыска билдиришти. Баары өздөрүн токтоо, сыпайы алып жүрүшкөнүн да айтууга болот.
Борбор Азия, албетте, азыр негизги дүйнөлүк державалардын көңүлүн буруп турган чак. Бирок АКШ, балким туура баам салып, чөлкөмдүн бардык өлкөлөрүн бир иш-чаранын алкагында көндүрүү мүмкүн эмес, басма сөз тыкыр көз салат деген чыгар. Байдендин администрациясына, айрыкча, шайлоонун алдында кошумча көңүл бурдуруунун убагы эмес. Вашингтон да өз күчүн туура баалап, чөлкөмдүн экономикалык жана саясий өнүгүшү Россия менен Кытайдын борбордук ролу болбосо мүмкүн эместигин сопсонун түшүнүүдө. Себеби алар – Борбор Азиядагы коопсуздук жана экономикалык туруктуулуктун кепилдиктери. Ал эми АКШ бүгүн анын ордуна эч нерсе сунуштаганы жок, жакынкы келечекте да сунуштай албайт.

Эки саммиттин жыйынтыгы — негизги көрүнүштөр

Борбор Азиянын аймактык интеграциясы саясат, соода, транспорт, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча кеңешүүсү улам тереңдей бермекчи. Ошол эле учурда батыш мамлекеттеринин күткөнүнө карабастан, бул интеграциялык импульс Россия тараптан коопсуздукка кандайдыр коркунучту туюп, аны кызматташтык процессинен чыгарып салууга багытталган эмес.
Консультативдик жолугушуу форматы постсоветтик мейкиндиктеги өнүгүүнүн ошол эле баалуулук жана максаттарына умтулган башка мамлекеттердин да кызыгуусун туудуруп жатышы мүмкүн. Түштүк Кавказдын алдыңкы мамлекеттеринин бири – Азербайжандын тартылышы консультативдик мейкиндикти эки чөлкөмгө, Борбор Азия менен Түштүк Кавказга, кеңейтиши мүмкүн. Ал эми бул – Россия, Иран жана Түркиянын биргелешкен кызыкчылыктарынын чөйрөсү. Консультативдик жолугушуулар жакын арада эл аралык кызматташтыктын жаңы формаларына негиз салышы ажеп эмес.
"С5 плюс 1" саммити Борбор Азия мамлекет башчыларынын Россия жана КЭР лидерлери менен кезигүүсүнөн улам жупуну туюлушу мүмкүн, бирок ошентсе да АКШнын Борбор Азиядагы аракети дагы көпкө уланары айдан ачык. Чөлкөмгө карата узак мөөнөттүү стратегиясы бар экени баарына белгилүү. Көп тараптуу форматта ишке ашыра албаганын АКШ эки тараптуу негизде жүргүзөт. Эки саммит Борбор Азия өлкөлөрү өнүгүүнүн ар башка артыкчылыктарына жана улуттук кызыкчылыктарга ээ экенин көрсөттү, бул – кадыресе көрүнүш. Пикирлердин ар түрдүүлүгү эл аралык мамилелерде мыйзам ченемдүү. Ошону менен бирге эле бул жыйындар олуттуу сыноолор маалында Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн негизги артыкчылыктары өзгөрөрү арсар...
Жапаров БА жана АКШ саммитинде Кыргызстандын артыкчылыгы эмнеде экенин айтты