Оюнчук алууда сактай турчу эрежелер. Министрликтин ата-энелерге кайрылуусу

Эрежелерди сактоо менен ата-энелер балдарына коопсуз жана зыянсыз оюнчуктарды ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти ата-энелерге оюнчук сатып алууда сактай турчу эрежелерди тизмектеди.
Департаменттин кайрылуусунда айтылгандай, бул эрежелерди сактоо менен ата-энелер балдарына коопсуз жана зыянсыз оюнчуктарды ала алышат.
Адистердин айтымында, оюнчуктагы маркировка белгилери так, туура, оңой окула тургандай болушу керек.
Маркировкада төмөнкү маалыматтар жазылышы зарыл:
оюнчуктун аталышы;
оюнчукту чыгарган өлкөнүн аталышы;
өндүрүшчүнүн аталышы жана жайгашкан дареги;
импортчу менен же товарды чыгарган тарап менен байланыш маалыматтары;
даярдоочунун товардык белгиси;
оюнчук канча жаштагы балдар үчүн чыгарылганы;
оюнчук кандай каражаттан жасалгандыгы;
оюнчукту кароо-тутуу ыкмалары;
жасалган күнү, айы, жылы;
колдонуу мөөнөтү;
сактоо шарттары.
"Оюнчук алууда сөзсүз анын коопсуздугуна көңүл буруңуз. Анда учтуу, кырдуу, денени тиле турчу жактары болбошу кажет. Уулуу заттар колдонулганын билдирген ачуу, жагымсыз жыттар чыкпашы керек", – деди департаменттен.
Мектеп курагындагы бала беш маал тамактанышы керек. Адистин түшүндүрмөсү