Инвестордон акча талап кылуу: президенттин администрациясынан көрсөтмө беришти

Жунушалиев чуу болуп жаткан иште күбө катары көрсөтмө берди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев инвестордон акча сураган иш боюнча көрсөтмө берди. Бул туурасында Sputnik Кырызстанга мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал Жунушалиевдин күбө катары суракка барганын билдирди.
"Жунушалиев иш боюнча көрсөтмө берди. Тергөө иштеринде эмне билсе баарын айтып берди", — деди ал.
Кечээ жогорку кызматтагы аткаминердин атын жамынган ишкер чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар талап кылды деген шек менен кармалган. Президент Садыр Жапаров иликтөө жүргүзүүнү тапшырып, шектүүнү камакка алышкан.
Инвесторду коркутуп акча талап кылган деп ишкер жана анын уулу кармалды