Баткен ОИИБ башчысынын орун басары Мухамадиевди өлтүргөн жээни 15 жылга кесилди

Айыпкер жазасын катаал режимдеги колонияда өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнө айыпталган жаранга карата Баткен райондук соту өкүм чыгарды. Бул маалымат Жогорку соттун сайтынан алынды.
Кылмышка маркумдун жээни, мурда бир нече ирет соттолгон 35 жаштагы С.Н. күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары, кылмышкер жабырлануучу тарапка 100 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Мурда бир нече ирет соттолгон 35 жаштагы С.Н.
С.Н. жазасын катаал режимдеги колонияда өткөрөт.
Белгилей кетсек, Баткен ОИИБдин начальнигинин орун басары Аскарали Мухамадиев 2022-жылы март айында киши колдуу болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, соттолуучу полковникти бычактаган.
Казакстандык машыктыруучунун Көлдөгү өлүмү: айдоочу 7 жылга кесилди