Дарыгер күзүндө кантты азыраак колдонууну сунуштады

Көп өлчөмдөгү кант иммунитетти түшүрүп жиберет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Күзүндө шекерди азыраак колдонуу керектигин диетолог Евгения Белюга "Известия" басылмасындагы маегинде билдирди.
Адистин айтымында, аба салкындап, күндүн нуру азайган убакта витаминдерге бай, толук кандуу тамактануу зарыл. Бирок ошол эле учурда тамак-ашка кошкон канттын көлөмүн азайтуу керек.
"Шекер — калориялуу азык. Аны күнүмдүк тамак-ашка кошуу ашыкча салмакты пайда кылып, ден соолуктун начарлашына алып келет", — деген диетолог.
Ал таттуу азыктан иммундук системанын иши бузулуп, күзүндө күчөгөн вирустук ооруларга туруштук бере албай калышын эскерткен.
Андыктан күзүндө бышкан азыктарды көбүрөөк колдонуу сунушталды. Мисалы, клетчатка менен витаминдерге бай ашкабак, ошондой эле кофе же кара чайдын ордуна лимон, чычырканак же ит мурун кошулган чөп чай ичүүгө болот.
"Бул азыктардын курамындагы С витамини иммунитетти көтөрүп, сасык тумоо сымал оорулардан коргойт", — деп кеңеш берди дарыгер.
Радио
Айыкпас дарт. Кутурмадан кантип коргонуу керек?